Түрк экономикасы божомолдонгондон жогору болот

Ахмет Давутоглу экономика боюнча жооптуулары менен жолукту.

258173
Түрк экономикасы божомолдонгондон жогору болот

Премьер-министр Ахмет Давутоглу экономика боюнча жооптуулары менен жолукту.
Премьер-министрликтеги чогулушта, экономикалык көрсөткүчтөр, валюта курсундагы секирик жана эл аралык аренадагы абалдардын Түркияга чагылуулары кеңири талкууланды.
Жыйналыштан кийинки жазуу түрүндөгү жарыясында, доллардын жогорулоосунда тышкы факторлордун таасирине көңүл бурулду. «Көрсөткүчтөр бекем, кооптоно турган абал жок, керектүү ар түрдүү чара көрүлдү, көрүлүүдө» деген билдирүү айтылды.
Анда, Түркия экономикасынын пайдубалы абдан бекем болгону жана 2014-жылы октябрь айында жарыяланган орто мөөнөттүү программанын негизги приоритеттери болгон инфляция жана эсеп-кысап иштериндеги таңкыстыктын, мунай зат бааларындагы төмөндөөнүн да тассири менен божомолдонгондон дагы оң боло турганы баса белгиленди.
АКШнын экономикасынын күтүлгөндөн дагы ылдам жогорулай баштаганы, ал эми Европа Биримдигинде жандануу азырынча баштала электигине сереп салынып, «Европанын Борбордук банкынын ылдам акчалай өнүгүү чечимин чыгарышы, АКШ долларынын баасынын жогорулашына себеп болгон жана бул абал бүткүл өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдө болгону сыяктуу өлкөбүздө да финансылык базарларда чайпалууларга себепчи болгон»-деген сөздөр орун алды.
Анда Түрк банкчылык системасынын мындай олку-солкулуктарга чыдамдуу болгону белгиленди жана Борбордук банктын керектүү чараларды көргөнү баса белгиленди.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар