Түркия-Колумбия карым-катнаштары

Түркия менен Колумбиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 5 миллиард долларга жеткирилет.

216179
Түркия-Колумбия карым-катнаштары

Түркия-Колумбия соода карым-катнаштарында коюлган максат соода көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү болуп саналат.
Президент Эрдоган Колумбиядагы жолугушууларын Түркия-Колумбия ишкердик форуму менен улантты.
Форумда Эрдоган Түркия менен Колумбиянын ортосундагы соода көлөмү 2002-жылдан бери 10 эсе көбөйүп 1 миллиард 200 миллионго жеткенин белгиледи.
Эки тараптуу муктаждыктар жана мүмкүнчүлүк карым-катнаштары эки өлкөнүн кызматташуусу жагынан өтө маанилүү мүмкүнчүлүк экенин баса белгилеген Эрдоган, түрк ишкерлерин ушул түшүмдүү чөйрөнү пайдаланууга чакырды.
Өнүккөн мүмкүнчүлүктөр менен эми дүйнөнүн чоң эмес экенин айткан Эрдоган: «2023-жылы Колумбия менен болгон соода көлөмүн 5 миллиард долларга жеткире алабыз»,-деди.
Колумбиядагы жолугушууларын аяктаган президент Режеп Таййип Эрдоган Түштүк Америкага сапарынын экинчи бекети Кубага өттү.
Мамлекет башчы борбор шаар Гаванада «Хосе Марти» эстелигин зыярат кылат жана Кубанын президенти Рауль Кастро тарабынан салтанаттуу түрдө тосулуп алынат.
Президент Эрдоган жолугушууларынан кийин урматына бериле турган расмий түшкү сый тамакка катышат. Андан соң бир канча жерди кыдырат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар