Түрк аба жолдорунун жүк терминалы тейлөөгө ачылды
Терминалда 53 башка каалгадан жүктөрдү кабыл алуу жана өткөрүп берүү иштери жүргүзүлөт.
Түрк аба жолдорунун жаңы жүк терминалы тейлөөгө ачылды.
40 миң метр квадраттык жабык аянттагы терминал жылына 1 миллион 200 миң тонна жүк ташый алгыдай көлөмдө.
Түрк аба жолдорунун өткөн жылы жүк ташуу тармагы 18 пайыз өстү.
Ушундан улам муктаждыктарды камсыздоо үчүн «Ататүрк» аэропортунда 10 ай сыяктуу кыска мөөнөттүн ичинде чоң жүк терминалы курулду.
Терминалда 53 башка каалгадан жүк кабыл алуу жана өткөрүп берүү иштери жүргүзүлөт.
2016-жылы 1 миллион тонна жүк ташуу жана 3 миллиард лиралык киреше максаттаган Түрк аба жолдорунун жаңы жүк терминалынын ачылышына каржы министри Мехмет Шимшек менен бажы жана соода министри Нуреттин Жаникли да катышты.
Түрк аба жолдорунун башкаруу кеңешинин төрагасы Хамди Топчу Түрк аба жолдорунун 2023-жылга карата максаты болсо 2 миллион тонна жүк ташуу жана орто эсеп менен 7 жарым миллиард лира киреше табуу экенин айтты.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.