Тышкы соода көрсөткүчтөрү
Тышкы соода көрсөткүчтөрү өсүүдө
Түркиянын статистика мекемесинин көрсөткүчтөрүнө караганда тышкы соода таңсыктыгы декабрь айында болжол менен 1 жарым миллиард доллар азайып 8 миллиард 506 миллион доллар болду.
Ушул эле мезгилде экспорт 13 миллиард 328 миллион долларга жетти. Бул сан мындан мурдагы жылдын тийиштүү мезгилине салаштырмалуу 1,2 пайыз өскөндүгүн туюнтат.
Импорт болсо 5,6 пайыз азайып 21 миллиард 834 миллион долларга түштү.
Ушундайча экспорттун импорту баланстоо көрсөткүчү 61 пайыздык деңгээлге жетти.
Эң көп экспорт жасалган өлкөлөр кезеги менен Германия, Ирак, Англия жана АКШ болду.
Импортто болсо биринчи орунду Кытай Эл Республикасы алды.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.