Түркияда үй-бүлөнү колдоо күчтөндүрүлдү
Үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Айшенур Ислам: «Бул төңкөрүш мүнөзүндөгү өзгөрүү»-деп айтты.
Түркияда иштеген ата-энелерге төрөттөн кийин каалашса аз убакыт иштөө мүмкүнчүлүгү берилет.
Үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Айшенур Ислам: «Бул төңкөрүш мүнөзүндөгү өзгөрүү»-деп айтты.
Үй-бүлөнүн корголушу пакетинин алкагында төрөттөн кийин үй-бүлөлөргө бериле турган укуктарды түшүндүргөн Ислам, төрөгөн энелерге мамлекет тарабынан белек кылына турган төрөт пособияларынын жалгыз эле иштеген аялдарды эмес, бүтүндөй энелерди камтый турганын белгиледи.
Иштеген эне жана аталардын каалаган учурларында балдары мектеп жашына келгенге чейин жарым күн иштөө укуктары боло турганын баса белгилеген Айшенур Ислам, балалуу болгон ар бир үй-бүлөнүн бул укуктан пайдалана ала турганын айтты.
Айшенур Ислам: «Эне жарым күн иштөө укугунан пайдаланып эртең менен үйдө кала алат. Атасы да калган жарым күндү пайдаланып түштөн кийин үйүнө келе алат жана үй-бүлө өз баласына мектеп жашына келгенге чейин өзү кароо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот»-деди.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.