Путин экономикалык жаңылыштык кетиргендерин мойнуна алды
Орус рубли 2014-жылы 50 пайызга кунун жоготту.
Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөткө 2014-жылдагы иштер боюнча маалымат берген жыйында өлкөнү экономикалык кризиске алып келген айрым жаңылыштыктарды кылгандарын мойнуна алды.
Путин: «Бул кыйынчылыктар бир гана тышкы булактарга эмес. Жалгыз эле эл аралык санкциялар жана шарттар себепчи болгон чектөөлөргө байланыштуу эмес, биздин жаңылыштыктарыбызга да байланыштуу»,-деди.
Орус жооптуулары жаңылоо максатында экономиканын структурасын түзүүгө аракет кылгандарын белгилеген Путин: «Ушул алкакта көп нерсе жасалды. Бирок акыркы окуялар булардын жетиштүү эмес экенин көрсөтүүдө»,-деп айтты.
Орус рубли 2014-жылы 50 пайызга кунун жоготту. Орус экономикасы болсо Батыш өлкөлөрү киргизген санкциялар, мунай баасынын төмөндөшү жана капиталдын көлөмүнүн азайышы менен оор күндөрдү өткөрүүдө.
Тектеш кабарлар

Европа өлкөлөрүнөн Түркияга карата турак жай инвестициясы өстү
Анталия менен бирге Мерсин жана Ялова чет элдик инвесторлордун кызыгуусун тартты.