Өпкө рагын белгилөөчү жаңы аппарат чыкты
Өпкө рагын жана диабетти белгилөөчү аппарат сыноо баскычынан өтөт.
137354
«Электроникалык тумшук» деп аталган «Бир жолу колдонулуучу дем алууну анализдөөчү сенсор» проекти аркылуу өпкө рагы жана диабеттин анализи адамдын дем алуусунан чыгарыла алат.
Алгачкы этапта 25 даана өндүрүлө турган аппараттын сериялуу өндүрүшүнө, Стамбул университетинин Жеррахпаша медицина факультетинин ооруканасындагы сыноо баскычынан кийин өтүлө алат.
Измир жогорку технология институтунун так илимдер факультетинин химия бөлүмү тарабынан өнүктүрүлгөн проект менен чыгарылган аппарат, масканын ичине жайгаштырылган атайын сенсорлор аркылуу адамдын дем алуусундагы бирикмелерден өпкө рагы жана диабет анализи чыгарылышына мүмкүнчүлүк түзөт.
Аппараттын жасалуу проектин Стамбул Өнүгүү агенттигинин 1,2 миллион лиралык колдоосу менен Измир жогорку технология институту, Стамбул техникалык университети жана Стамбул университетинин "Жеррахпаша" медицина факультети менен бирге аткарат.
Бардыгы жергиликтүү өндүрүш болгон жана бир канча айдын ичинде прототиби чыга турган аппараттан алгачкы этапта 25 даана өндүрүлөт.Стамбул университетинин "Жеррахпаша" медицина факультетиндеги ооруканадагы сыноо баскычынан кийин аппараттын сериялуу өндүрүшүнө өтүлөт.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.