Орусия менен экономикалык карым-катнаштар

Нихат Зейбекчи кечээ Стамбулда Орусиянын экономика министри Алексей Улюкаев менен жолугушту.

129041
Орусия менен экономикалык карым-катнаштар


Экономика министри Нихат Зейбекчи АКШ жана Европа Биримдигинин Орусияга киргизген эмбаргонун Түркия менен соода карым-катнаштарына таасир тийгизбей турганын айтты.
Нихат Зейбекчи кечээ Стамбулда Орусиянын экономика министри Алексей Улюкаев менен жолугушту.
Зейбекчи эки өлкөнүн ортосундагы бюрократиялык чектөөлөрдүн жоюлуусу боюнча бирдей пикирге келгендерин белгиледи.
Европа Биримдигинин Түркия үчүн баш тартылгыс экенин баса белгилеген экономика министри, Орусия менен экономикалык потенциялдын көз жаздымда калтырылбай турганын айтты.
Зейбекчи Европа Биримдиги же АКШнын Орусия менен болгон соода эмбарголору жана чектөөлөрү боюнча Түркиянын жооптуу эмес экенин баяндады.
Экономика министри эки өлкөнүн ортосундагы соодада түрк лирасы жана рубль колдонулгандыктан бул өлкөлөргө чоң мүмкүнчүлүктөрдү алып келгенин билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар