Эбола экономикага да таасирин тийгизүүдө

Либерия, Сьерра-Леоне жана Гвинеяда экономикалык өсүүнүн төмөндөй турганы билдирилди.

123167
Эбола экономикага да таасирин тийгизүүдө


Батыш Африкада 2 миң 200дөн ашуун кишинин каза болушуна себепчи болгон эбола экономикага да таасирин тийгизе баштады.
Эл аралык Валюта Фонду İMF бул оору катталган Либерия, Сьерра-Леоне жана Гвинеяда экономикалык өсүүнүн төмөндөй турганын билдирди.
İMFтин катчысы Билл Мюррей Либерия жана Сьерра-Леонеде экономикалык өсүүнүн 3-3 жарым пайыз, Гвинеяда да 1,5 пайыз төмөндөй турганын айтты.
Мюррей аты аталган бул ар бир өлкөнүн 100-130 миллион долларга мактаждыгы экенин да белгиледи.
Батыш Африкада азык-түлүк тартыштыгы да болушу мүмкүн.
БУУ өткөн жумада эболанын жайылышын алдын алуу үчүн көрүлгөн чаралардын азык-түлүктүн бааларын жогорулатканына көңүл бурган.
18-сентябрда баштала турган 4 күндүк көчөлөргө чыкпоо тыюу салуусуна даярданган Сьерра-Леонеде азык-түлүк бааларында өсүү болгону байкалды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар