Эбола менен күрөшүү үчүн 600 миллион доллар керек

Эбола менен күрөшүү үчүн 600 миллион доллар керек экени маалымдалды.

113403
Эбола менен күрөшүү үчүн 600 миллион доллар керек

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эбола вирусунун себебинен каза болгондордун саны 1 миң 900дөн ашканын билдирди.
Бул ооруга чалдыккандардын саны болсо 3 миң 500 киши.
Эболанын жайылышын алдын алуу үчүн эл аралык аракеттер уланып жатканда БУУ ушул оору менен күрөшүү үчүн 600 миллион доллар керек экенин жарыялады.
Мындан мурда бул сан 500 миллион доллар деп жарыяланган болчу.
Бир тараптан Борбордук Африка Республикасында дагы бир жаш кыз вирусту жугузуп алган деген шек менен карантинге алынды.
14 жаштагы кыздын анализ жыйынтыктары күтүлүп жатат.
Нигерияда болсо эболанын себебинен каза болгон доктор дарылаган 60 кишинин ооруну жугузуп алгандыгы коркунучу бар экени белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар