Сауд Арабстан терроризм менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүүдө
Сауд Арабстан БУУга 100 миллион доллар бөлүп берди.
Сауд Арабстан терроризм менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүүдө.
Сауд Арабстан БУУнун Терроризм менен күрөшүү борборуна 100 миллион доллар берди.
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сауд Арабстандын Вашингтон жана БУУдагы туруктуу өкүлүн кызмат орунунда кабыл алды.
Араб дипломаттар баш катчыга 100 миллион доллардык чек беришти.
Сауд Арабстандын Вашингтондогу элчиси аль-Жубейр терроризмди эл аралык аракеттер менен жок кылса боло турганын баса белгиледи.
БУУнун Терроризм менен күрөшүү борбору, Сауд Арабстан королу Абдуллах тарабынан демилгеленип, 2011-жылы Рияд башкаруусунун 10 миллион доллардык жардамы менен ачылган болчу.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.