АКШ-Европа Биримдиги эркин соода келишими

71049
АКШ-Европа Биримдиги эркин соода келишими

АКШ менен Европа Биримдигинин ортосундагы эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.
Европа Биримдиги менен АКШнын ортосунда жүрүп жаткан Трансатлантика соода жана инвестиция өнөктөштүгү боюнча сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасы Виргиния штатында башталды.
Бул келишим менен Европа Биримдигинин өлкө ичи дүң продукциясында 120 миллиард доллардык өсүү күтүлүүдө.
Бирок эркин соода келишиминин көптөгөн секторго терс таасир тийгизиши мүмкүн экени айтылып жатат.
Жумушчулардын укуктары менен экология жана саламаттык сактоо темаларына байланыштуу санааркоолор да барган сайын күчөп баратат.
Сүйлөшүүлөрдү протест кылган альтернативдүү глобалдашууну жактагандар жана экологдор Европа Биримдигинин эрежелеринин көз жаздымда калтырылбашы керектигин белгилешүдө.
Сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасы жума күнү аяктайт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар