Дендиас: "Түркия кеме курууда бир топ алдыга жылды"

Никос Дендиас Коргонуу, Инновация борборун түзүү боюнча парламенттик добуш берүү алдында сүйлөгөн сөзүндө Куралдуу күчтөрдүн муктаждыктарына токтолду.

2143666
Дендиас: "Түркия кеме курууда бир топ алдыга жылды"

Грециянын коргоо министри Никос Дендиас Түркиянын кеме куруу тармагында чоң ийгиликтерге жетишкенин, Грециянын Деңиз күчтөрүнүн болсо экономикалык кризис учурунда бул жагынан артта калганын айтты.

Никос Дендиас Коргонуу, Инновация борборун түзүү боюнча парламенттик добуш берүү алдында сүйлөгөн сөзүндө Куралдуу күчтөрдүн муктаждыктарына токтолду.

Дендиас өз сөзүндө, Түркияда кеме куруудагы жетишкендиктер тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

«Түркия чындап эле кеме курууда жана материалдарды сатып алууда кеңири аянтка кирди. Греция байыркы шаар-мамлекеттик доордо да деңиздерде үстөмдүк кылуу үчүн ар дайым аракет кылып келген. Аскер-деңиз флоту модернизацияга муктаж. Кризис жылдарында биз абдан артта калдык, платформаларыбызды жана системаларыбызды тейлөөгө акча таба албадык. Анын ордун толтуруу керек».



Тектеш кабарлар