Израиль армиясынын Газага карата кол салуулары

Израиль армиясынын Газа тилкесинин түндүк жана түштүгүн бутага алган кол салууларында кеминде 17 палестиналык каза болду алардын ичинен 10ну балдар.

2143251
Израиль армиясынын Газага карата кол салуулары

 

Израиль армиясынын Газа тилкесинин түндүк жана түштүгүн бутага алган кол салууларында кеминде 17 палестиналык каза болду алардын ичинен 10ну балдар.

Палестинанын WAFA маалымат агенттигинин маалыматына караганда, Израил армиясы Газа тилкесинин түштүгүндөгү Газа шаарында жана Рефах шаарында эки үйгө кол салды.

Израиль күчтөрүнүн Газа шаарынын борборундагы ал-Дереч аймагындагы бир үйдү бомбалоосунун натыйжасында 10у бала болгон 16 палестиналык каза болуп, көп сандаган киши жараланды.

Рефах шаарында «эш-Шаир» үй-бүлөсүнө таандык үйдүн бутага алынып бир палестиналык каза болду.

Израилдин аскердик учактарынын Газа тилкесиндеги Жибалия жана Зейтун райондоруна жасаган абадан кол салуусунда балдар да болгон кеминде 21 палестиналык каза болуп, ондогон киши жараланды.

Бир тараптан Израиль армиясы эки күнгө созулган аскердик кол салуулардан кийин оккупациядагы Батыш Шерианын түндүгүндө Женин шаары менен Женин качкындар лагеринен чегинди.



Тектеш кабарлар