Месжид - и Аксада рейд жүргүзүлдү

Кудс фонддор жана ислам иштери кеңеши тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Бен Гвирдин Аксага болгон рейдди полициянын катуу коргоосу астында ишке ашырганы белгиленди.

2142897
Месжид  -  и Аксада рейд жүргүзүлдү

Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен Гвир жана көптөгөн фанат еврей отурукташуучу оккупациядагы   Чыгыш Кудста Масжид  -  и Аксада рейд жүргүздү.

Кудс фонддор жана ислам иштери кеңеши тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Бен Гвирдин Аксага болгон рейдди полициянын катуу коргоосу астында ишке ашырганы белгиленди.

Социалдык медиада бөлүшүлгөн көрүнүштөрдө  Бен Гвирдин рейд учурунда сүйлөгөн сөзүндө Месжид -  и Акса участогунун  «Израиль калкы үчүн эң ыйык жер жана бир гана Израилге таандык» экендигин  айтканы көңүлдөрдү бурду. 

Палестина мамлекетин тааныган өлкөлөрдүн «канкорлорго жана кол салгандарга сыйлык бергендерин» белгилеген Бен Гвир Палестина мамлекетинин жарыяланышына уруксат бербей тургандарын айтты.

 

Палестинанын расмий агенттиги WAFA тарабынан жарыяланган кабарда көптөгөн фанат еврей отурукташуучунун Месжид -  и Аксага рейд жүргүзгөндүгү   белгиленди.

Рейдден мурда Месжид  - и Акса мечитинин каалгаларында  жана аймакта жайгашкан Израиль полициясынын санынын көбөйтүлгөнүнө көңүл бурулду.

Ошол эле учурда Израиль полициясынын  мусулмандардын Аксага кирүүсүнө чектөө койгону белгиленди.

 



Тектеш кабарлар