Израиль армиясынын Женинге кол салуусунда 8 киши каза болду

Бул кол салууларда 21 палестиналыктын жараланганы кабарланды.

2142632
Израиль армиясынын Женинге кол салуусунда 8 киши каза болду

Израиль армиясынын басып алган Батыш Шерианын түндүгүндөгү Женин шаарына жана "Женин" качкындар лагерине кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 8ге жетти.

Палестинанын Кызыл Жарым Айынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Кызыл Жарым Айдын тез жардам бригадасынын "Женин" качкындар лагеринин Эль-Хедеф аймагында Израилдин кол салуусунда каза болгон бир кишиге жеткени белгиленди.

Израиль күчтөрүнүн, каза болгон палестиналыктын сөөгүн ооруканага алып бара жатканда тез жардам унаасын токтоткондугу айтылган билдирүүдө кеңири маалымат берилген жок.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин Женинге кол салууларында каза болгон палестиналыктардын санынын 8ге жеткенин ырастады.

Бул кол салууларда 21 палестиналыктын жараланганы кабарланды.



Тектеш кабарлар