Иордания Газага жардам берди

Иордания Израиль  армиясы кол салган Газа тилкесине 92 фура азык-түлүк жана медициналык гуманитардык жардам жөнөткөнүн жарыялады.

2143058
Иордания Газага жардам берди

Иордания Израиль  армиясы кол салган Газа тилкесине 92 фура азык-түлүк жана медициналык гуманитардык жардам жөнөткөнүн жарыялады.

Хашимит Иордания кайрымдуулук фондунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө,  Иорданиянын куралдуу күчтөрү менен координацияда Газа тилкесиндеги Палестина калкына жаңы гуманитардык жардам конвойунун жөнөтүлгөнү белгиленди.

Гуманитардык жардам конвоюнун  92  унаадан тургандыгы баса белгиленген билдирүүдө жардамдардын негизги азык  - түлүк жана медициналык материалдардан тургандыгы билдирилди. 

Жардам конвоюнун БУУнун Дүйнөлүк азык  - түлүк программасы жана башка түрдүү эл аралык жардам мекемелеринин өнөктөштүгүндө уюштурулгандыгы белгиленген билдирүүдө 2023 -  жылдын декабрь айынан бери Газа тилкесине кургактыктан кирген жардам унааларынын  1456  унаа экендиги белгиленди. 

Билдирүүдө жардамдын бул убакыттын ичинде Египеттин Эл - Ариш шаары аркылуу 53 учак менен жеткирилгени белгиленди.

 



Тектеш кабарлар