Индияда жоголгон бангладештик депутаттын жансыз денеси табылды
Бангладештин ички иштер министри Асадуззаман Хан Камал Индиянын Батыш Бенгалия штатынын Калькутта шаарында дайынсыз жоголгон Азимге байланыштуу маалымат берди.
Индияда дайынсыз жоголгон Бангладештин бийликтеги Авами биримдиги партиясынын депутаты Анварул Азимдин жансыз денеси табылды.
Бангладештин ички иштер министри Асадуззаман Хан Камал Индиянын Батыш Бенгалия штатынын Калькутта шаарында дайынсыз жоголгон Азимге байланыштуу маалымат берди.
Калькуттада Азимдинсөөгүнүн табылганын белгилеген Камал окуяга байланыштуу 3 шектүүнүн кармалганын белгилеп : «Окуяга катышкандардын барынын бангладештик экенин билебиз. Бул пландалган киши өлтүрүү»,-деди.
Депутат Азим 12 - майда ден соолугуна байланыштуу Индияга барган. 18 - майда ал тууралуу дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат берилген.
Тектеш кабарлар
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.