Россия Британиянын Москвадагы элчилигинин коргоо атташесин депортациялайт

Россиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Британиянын Москвадагы элчилигинин өкүлүнүн министрликке чакыртылганы белгиленди.

2140732
Россия Британиянын Москвадагы элчилигинин коргоо атташесин депортациялайт

Россия  Британиянын Москвадагы элчилигинин коргоо атташесин депортациялай турганын жарыялады.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Британиянын Москвадагы элчилигинин өкүлүнүн министрликке чакыртылганы белгиленди.

Британиянын жетекчилеринин  8 - майда Россияга каршы чыгарган чечимдери сынга алынган билдирүүдө : «Британиянын Россиянын Лондондогу элчилигинин коргоо атташесине каршы душмандык жана негизсиз чечиминен улам өкүлгө катуу нааразычылык нотасы берилди»,- деп айтылды.

Билдирүүдө бул кадамдардын эки өлкөнүн карым - катнаштарына орду толгус зыян келтиргени баса белгиленип : «Өкүлгө бул кадамды ачыктан - ачык орус душмандыгы менен саясий максаттагы бир кыймыл катары көргөнүбүздү баса белгиледик. Британия тарабынын 8 - майда Россияга каршы жарыялаган душмандык аракеттерге  реакциябыз бул кадам менен эле бүтпөйт. Маселени күчөтүүнү баштагандар  кийинки жооп кайтаруу кадамдары тууралуу маалымат берилет",- деп айтылды. 

Британиянын Тышкы иштер, Ички иштер жана Коргоо министрликтери 8 - майда биргелешкен билдирүү жасап, Россиянын "жаман ниеттеги чалгындоо иштерин" негиз катары көрсөтүп, бул өлкөнүн коргонуу атташесинин депортацияланарын, Россияга тиешелүү кээ бир мүлктөрдүн дипломатиялык статусунун жоюларын жана орус   дипломатиялык визаларынын мөөнөтүнүн чектеле тургандыгы билдирилген. 



Тектеш кабарлар