Иранда сел жүрдү
Мешхедде кечээ түштөн кийин жааган жамгырдан кийин сел жүрүп унааларынан чыга албай калган 2 киши каза тапты.
2140202
Ирандын Мешхед шаарында жүргөн селден 2 киши каза болду.
Ирандын расмий агенттиги ИРНАнын кабарына караганда, Мешхедде кечээ түштөн кийин жааган жамгырдан кийин сел жүрүп унааларынан чыга албай калган 2 киши каза тапты.
Шаардын айрым аймактарында жолдор жабылып, унаалардын суу алдында калганы кабарланды.
Нөшөрлөп жааган жамгырдан бир район менен 8 айылдын да зыян тартканы айтылды.