"Ракка менен Мосулда карапайым адамдарды өлтүрдүк"

Марк Милли Вашингтондогу Жасалма интеллект жарманкесинде өткөрүлгөн панелде сөз сүйлөдү.

2137782
"Ракка менен Мосулда карапайым адамдарды өлтүрдүк"

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мурдагы башкы штаб башчыларынын бири Марк Милли, геноцид үчүн соттолуп жаткан Израилдин Газада себеп болгон карапайым адамдардын өлүмүнө байланыштуу: «АКШ катары биз да Мосулда жана Раккада көптөгөн бейкүнөө адамдарды өлтүргөнүбүздү унутпашыбыз керек»,- деди.

Марк Милли Вашингтондогу Жасалма интеллект жарманкесинде өткөрүлгөн панелде сөз сүйлөдү.

Газадагы кыйроолор жана жарандардын өлүмүнүн согуштун натыйжасы экенин айткан Милли: «Газада каза болгон бейкүнөө адамдар үчүн абдан кайгырып турам, бирок бардыгыбыз Израилдин кылганы боюнча өзүбүздү актоодон мурун муну унутпашыбыз керек. АКШ катары биз да Мосулда, Раккада көптөгөн бейкүнөө адамдарды өлтүрдүк»,-деди.

Экинчи Дүйнөлүк согушта да Нормандия чабуулу учурунда АКШнын 12 миң француз жаранын, Японияда Хиросима жана Нагасакиден башка 69 шаарын жок кылганын эске салган Милли: «Көптөгөн адамдарды, өкмөттөрү менен эч кандай байланышы жок бейкүнөө кишилерди, эркектерди, аялдарды жана балдарды өлтүрдүк»,- деди.

Израилдин 7-октябрдан берки кол салууларында көбү балдар жана аялдар болгон 35 миң жаран каза тапты.



Тектеш кабарлар