Бразилиядагы сел: 10 адам каза болду

Өлкөнүн түштүгүндөгү Рио-Гранде-ду-Сул штатында бир канча убакыттан бери таасирдүү болгон жамгыр селге жана адамдардын өлүмүнө алып келди.

2134295
Бразилиядагы сел: 10 адам каза болду

Бразилияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүргөн селден алгачкы маалыматтарга караганда 10 адам каза болуп, 21 адам дайынсыз жоголду.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Рио-Гранде-ду-Сул штатында бир канча убакыттан бери таасирдүү болгон жамгыр селге жана адамдардын өлүмүнө алып келди.

Жарандык коргонуу кызматынын билдирүүсүндө, учурда селден 10 кишинин каза болгону, дайынсыз жоголгон 21 адамды издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканы кабарланды.

Билдирүүдө үйлөр суу астында калгандыктан 1400 кишинин жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону, аймакка кошумча топтордун жиберилгени белгиленди.

Президент Луис Инасио Лула да Силванын тапшырмасы менен селден жабыркаган аймактарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

Штаттын губернатору Эдуардо Лейте социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, аймакта нөшөрлөгөн жамгырдын улана турганын айтып, коомчулуктан этият болуусун суранды.

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам көпүрөлөрдүн ураганы жана үйүнөн чыга албай калган адамдардын чатырларда жардам күтүп жатканы маалымдалды.



Тектеш кабарлар