Индонезияда Субиантонун президент болуп шайлангандыгы расмий жарыяланды

Чечим Индонезия Шайлоо Комиссиясы тарабынан жарыяланды.

2131683
Индонезияда Субиантонун  президент болуп шайлангандыгы расмий жарыяланды

Индонезияда Прабово Субианто расмий түрдө президент болуп жарыяланды.

Чечим Индонезия Шайлоо Комиссиясы тарабынан жарыяланды.

Чечим Конститциялык соттун мурдагы Жакарта губернатору Аниес Басведан жана мурдагы Ортоңку Жаванын губернатору Ганжар Прановонун негизги аймактарда социалдык жардам таркатып окуялардын Субиантонун пайдасына бурулгандыгына карата нааразычылыгын четке кагуусунан кийин келди.

Аземде сөз сүйлөгөн Субианто шайлоо тууралуу талаш-тартыштардын аяктаганын белгилеп: «Эми элибиз  элдин  жыргалчылыгы жана Индонезиядагы жакырчылык менен коррупциянын жоюлушу үчүн биргелешип иштешин жана кызматташуусун талап кылууда»,-деди.

Субиантонун октябрь айында кызматка кириши күтүлүүдө.

Индонезияда 14 - февралда эл президентин шайлоо үчүн добуш берди. Мамлекет башчысы Жоко Видодонун кызмат мөөнөтү аяктагандыктан талапкер  болбогон  шайлоодон 2019 - жылдан бери Коргоо министри кызматын аткарып жаткан  Субианто шайлоодо жеңип чыкты.

Индонезия Шайлоо Комиссиясы 20 - мартта Субианто шайлоодо 58,6 пайыз добуш менен жеңип чыкканын жарыялады.

22 - апрелде Конституциялык сот Жакартанын мурдагы губернатору Басведан менен Борбордук Жаванын мурдагы губернатору Прановонун шайлоого каршы пикирин четке какты.



Тектеш кабарлар