Столтенберг Украинага дагы көп жардам берүүгө чакырды

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинанын эң башта абадан коргонуу системалары болгон кошумча аскердик жардамга  муктаждыктын бар экендигин баса белгилеп, союздаш өлкөлөргө дагы көп жардам берүүгө чакыруу салды.

2129079
Столтенберг Украинага дагы көп жардам берүүгө чакырды

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинанын эң башта абадан коргонуу системалары болгон кошумча аскердик жардамга  муктаждыктын бар экендигин баса белгилеп, союздаш өлкөлөрдү дагы көп жардам берүүгө чакырды.

Йенс Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун штабында Нидерландиянын убактылуу өкмөтүнүн премьер - министри Марк Рютте, Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен жана Чехиянын премьер-министри Петр Фиала менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Баш катчы жолугушкан лидерлер менен Украинага дагы көп абадан коргонуу системалары бериле алары тууралуу  сүйлөшкөнүн белгилеп : «Анткени согуш талаасында абал абдан оор жана Украинанын дагы көп жардам үчүн жасаган ачык  жана чукул чакырууну баарыбыз угуп жатабыз»,-деди.

Дания, Нидерландия жана Чехиянын Украинага жардам көрсөтүүдө ойногон ролунун маанисине токтолгон Столтенберг АКШ Конгрессинин жакынкы күндөрдө Украинага жардам пакетине байланыштуу алгылыктуу кадамдардын ташталарына байланыштуу үмүттүү экендигин билдирди.

Украинанын  ушул кезге чейин берилген жардамдардан дагы көбүнө муктаж экендигин баса белгилеген Столтенберг : «Мына ушул себептен союздаштар НАТОнун мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу менен Украинага көбүрөөк жардам көрсөтүүнүн ортосунда тандоо жасоосу керек. Менин билдирүүм ачык : Украинага көбүрөөк жардам жибергиле»,- деди.

Йенс Столтенберг : «Украинаны колдоо жана Россиянын согуштук жөндөмдүүлүктөрүн жок кылууларына жардам берүү биздин коопсуздугубузду да күчөтөт»,- деди.



Тектеш кабарлар