Столтенберг: "Коргонуу каржылоолорун көбөйтүшүбүз керек"

Столтенберг Нидерландиянын убактылуу өкмөтүнүн премьер-министри Марк Рютте, Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен жана Чехиянын премьер-министри Петр Фиала менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

2129089
Столтенберг: "Коргонуу каржылоолорун көбөйтүшүбүз керек"

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг: «Коргонуу каржылоолорун көбөйтүшүбүз керек, чыңалуу күчөп жатат»,-деди.

Йенс Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун штабында Нидерландиянын убактылуу өкмөтүнүн премьер-министри Марк Рютте, Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен жана Чехиянын премьер-министри Петр Фиала менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

Башкы катчы бир журналисттин "Иран менен Израилдин ортосундагы чыңалуунун аймактык кагылышууга айланып кетүү коркунучунда, Батыштын Украина жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды да чече ала турган абадан коргонуу системасы барбы" деген суроосуна «НАТОнун союздаштары мындай мүмкүнчүлүккө ээ. Биргеликте дүйнөдөгү аскердик күчтүн 50 пайызын өкүлдүк кылуудабыз жана күчтүү союздаштарыбыз бар»,-деп жооп берди.

Украинада уланып жаткан согуш жана Жакынкы Чыгыштагы кагылышуулардын НАТОнун коргонуу чкаржылоолорун көбөйтүү максатынын маанилүүлүгүн ачыкка чыгарганын белгилеген Столтенберг: «Коргонуу каржылоолорубузду көбөйтүүбүз керек, чыңалуу күч алууда. Шериктештер да дал ушундай кылып жатышат»,-деди.



Тектеш кабарлар