Перс булуңунда катуу жааган жамгырдан көптөгөн киши каза болду

Перс булуңундагы нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Оман, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ), Бахрейн жана Йеменде көптөгөн адам каза болду.

2129365
Перс булуңунда катуу жааган жамгырдан көптөгөн киши каза болду

Перс булуңундагы нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Оман, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ), Бахрейн жана Йеменде көптөгөн адам каза болду.

Оман улуттук өзгөчө кырдаалдарды башкаруу комитети тарабынан Х социалдык платформасынан берилген маалыматта  нөшөрлөгөн жамгырдын таасирин жоготкондугу, кыйроолорду оңдоо иштери уланып жатканы кабарланды.

Оман кабар агенттиги ONA тарабынан жарыяланган кабарда нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селде каза болгондордун саны 19га жеткени, 4 кишинин дайынсыз жоголгондугу белгиленди.

Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) расмий маалымат агенттиги WAMда жарыяланган Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө жамгырлуу аба толкунунун таасирин жоготкондугу маалымдалды.

Билдирүүдө жарандык коргонуу топторунун жабылган жолдордун ачылышы үчүн ишин улантып жаткандыгы билдирилди.

БАЭнин аба жолу фирмасы Fly Dubai, ыңгайсыз аба шарттарынан улам токтотулган каттамдардын кайрадан баштатылгандыгын билдирди.

Улуттук метеорология борборунан буга чейин берилген маалыматта : «Түрдүү аймактарда акыркы  24 саатта заманбап тарыхтын эң көп жаан чачыны болду. Климаттык маалыматтар чогултула баштаган  1949 – жылдан бери эң жогорку көлөм белгиленди»,- деп айтылды.

Бахрейндин расмий маалымат агенттиги BNAдагы кабарда өлкөдө катуу жааган жамгырдан кийин келтирилген зыяндын эсептелиши жана жарандардын жоготууларынын ордун толтуруу иштеринин уланганы белгиленди.

Йемендин расмий кабар агенттиги SABAга маалымат берген Хадрамаут губернаторунун орун басары Эмин Барезик, аймакта катуу жааган жамгыр себеп болгон селде бир кишинин каза болгондугу тууралуу маалымат алганын айтты.

Барезик Хадрамаут аймагында кээ бир унаалардын сел алдында калганын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар