Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы Россиянын активдерин Украина үчүн колдонуу чечимин чыгарды

Украинанын батыштык өнөктөштөрү 2022 - жылы согуш башталгандан кийин Россиянын 300 миллиард долларлык активдерин тоңдурган.

2128998
Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы Россиянын активдерин Украина үчүн колдонуу чечимин чыгарды

Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы (ЕКПА) 16 - апрелде Россия Федерациясынын тоңдурулган активдерин конфискациялоо жана аларды Украинаны реструктуризациялоону каржылоого колдонуу чечимин кабыл алды. ЕКПА эл аралык укуктун принциптерине ылайык : «Агрессор өлкө Россия Федерациясынын  инфраструктураны кыйратуу, адамдардын өлүмүнөн жана экономикалык кыйчылыктар да болгон мыйзамсыз аракеттер жол ачкан бардык чыгымдардын ордун толтуруу милдети бар",- деп билдирди.

ЕКПАнын комитети буга чейин “Эл аралык укукка ылайык, бул укукту одоно бузган мамлекетке чара көрүү мыйзамдуу. Европа Кеңешине мүчө мамлекеттердин  санкциялардан каршы чараларга өтүүгө убакытысы келди», - деген билдирүүсүндө бул каршы чаралардын мыйзамдуулугунун «талкуулоого болбой тургандыгын» ортого салган.

Украинанын батыштык өнөктөштөрү 2022 - жылы согуш башталгандан кийин Россиянын 300 миллиард долларлык активдерин тоңдурган. Бул акчанын үчтөн эки бөлүгүн Бельгиядагы Euroclear каржы институту коргоп жатат.

АКШ өңдүү айрым өнөктөштөр акчаны түздөн - түз Киевге которууну талап кылганына карабай, Евробиримдиктин өлкөлөрү чечкиндүү эмес. Анын ордуна Европа өлкөлөрү тоңдурулган активдерден түшкөн кирешени Украинанын коргонуусу үчүн колдонууну пландаштырууда.

Дүйнө Банкынын билдиргенине караганда Украинанын кайрадан курулушу үчүн  468 миллиард доллард керек болот жана бул процесс болжол менен  10 жылды алат.

 

 



Тектеш кабарлар