Евробиримдиктин лидерлеринин саммити Брюсселде өтөт
27 өлкөнүн мамлекет же өкмөт башчыларынын катышуусунда бүгүн баштала турган Саммит эки күнгө созулат.
Европа Биримдигинин (ЕБ) лидерлери, экономика жана атаандаштык темалары менен катар Жакынкы Чыгыштагы окуяларды талкуулоо үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге чогулууда.
27 өлкөнүн мамлекет же өкмөт башчыларынын катышуусунда бүгүн баштала турган Саммит эки күнгө созулат.
«Атайын» мүнөздөгү саммит 6-9-июнда өтө турган Европарламент (ЕП) шайлоолорунун алдындагы ЕБ лидерлеринин акыркы жыйыны болмокчу.
ЕБ кеңешинин төрагасы Шарль Мишель төрагалык кыла турган жыйынга, ЕБ комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель да катышат.
Түркия убактысы боюнча саат 20.00 чамасында башталышы күтүлгөн саммитте лидерлер алгач Европа Парламентинин төрагасы Роберта Мецола менен пикир алмашат.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.