Дмитрий Песков борбор шаар Москвада күн тартибине байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди

Россиянын президенттик сарайы Кремдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Карабахта жайгаштырылган Россиянын Тынчтык күчү бөлүктөрүнүн аймактан чыга баштаганын билдирди.

2128925
Дмитрий Песков борбор шаар Москвада күн тартибине байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди

Россиянын президенттик сарайы Кремдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Карабахта жайгаштырылган Россиянын Тынчтык күчү бөлүктөрүнүн аймактан чыга баштаганын билдирди.

Дмитрий Песков борбор шаар Москвада күн тартибине байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Азербайжандын Карабах аймагына жайгаштырылган орус аскердик бөлүктөрүнүн чегине баштагандыгы тууралуу кабардын чын же төгүн экендиги боюнча суроого : «Ооба, чындыгында  ошондой»,- деп жооп берди.

2020 - жылдын 27 - сентябрда башталган 44 күнгө созулган 2 - Карабах согушу Азербайжан, Армения жана Россиянын лидерлеринин 2020 - жылдын 10 - ноябрында үч тараптуу декларациясы менен аяктаган.

Декларацияга ылайык, Карабахтагы армян калктуу конуштардын жана Лачин коридору деп аталган Ханкенди - Лачин жолунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аймакка 1960 аскерден турган жана «Орус тынчтык күчтөрү» деп аталган орус аскерлери жайгаштырылды. Беш жылдык мөөнөткө жайгаштырылган "Орус тынчтык күчтөрүнүн" кызмат мөөнөтү 2025-жылдын 10 - ноябрында аяктай тургандыгы күтүлүп жаткан.

 



Тектеш кабарлар