Британияда 2009-жылдан кийин төрөлгөндөр тамеки сатып ала алышпайт

Мыйзам тамеки тартууга эмес 2009-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөндөргө тамеки заттарын сатууга тыюу салууну камтууда.

2128680
Британияда 2009-жылдан кийин төрөлгөндөр тамеки сатып ала алышпайт

Британияда 2009-жылдан кийин төрөлгөндөргө тамеки сатууга тыюу салынды.

Өлкөдө жаңы муундун тамекиге жетүүсүнө өмүр бою тыюу салган мыйзам долбоору кечээ Общиналар палатасында 383 депутаттын макулдугу менен кабыл алынып, 67 депутат болсо каршы чыкты.

Ушундайча өлкөдө “тамеки тартпаган муун” демилгесинин алкагында 2009-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөндөргө тамеки сатууга тыюу салынды.

Мыйзам боюнча быйыл 15 жашка чыккан балдар өмүр бою тамеки сатып ала албайт.

Мыйзам тамеки тартууга эмес 2009-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөндөргө тамеки заттарын сатууга тыюу салууну камтууда.

Улуттук статистика бюросунун (ONS) 2022-жылдагы маалыматына караганда, Британиянын бойго жеткен калкынын 12,9 пайызы (6,4 миллион адам) тамеки тартат.

Ушундай эле тыюу Жаңы Зеландияда да кабыл алынган, бирок мыйзам күчүнө кире электе жаңы коалициялык өкмөт тарабынан жокко чыгарылган.



Тектеш кабарлар