Израилдин согуш кабинети кайрадан чогулду

Согуш кабинети Иранга жоопту талкуулоо үчүн кечээ да чогулуп, Израил басма сөзүндөгү кабарларда Согуш кабинетинин мүчөлөрүнүн ар кандай көз карашта экени жана орток пикирге келе албаганы жазылган.

2127881
Израилдин согуш кабинети кайрадан чогулду

Израилдин Согуш кабинети бүгүн кайрадан чогулуп, Ирандын 13-апрелдеги чабуулуна “жооп кайтаруу” маселесин талкуулоодо.

Согуш кабинети Иранга жооп кайтарууну талкуулоо үчүн кечээ да чогулуп, Израиль басма сөзүндөгү кабарларда Согуш кабинетинин мүчөлөрүнүн ар кандай көз карашта экени жана орток пикирге келе албаганы жазылган.

Кабарда Согуш кабинетинин мүчөлөрүнүн Иранга жооп кайтаруу боюнча макулдашканы, бирок убакыт жана ыкма боюнча ар кандай көз караштарды билдиргендери айтылган.

Израиль 1-апрелде Ирандын Дамасктагы консулдугунун имаратына абадан чабуул жасап, Иран төңкөрүш сакчылары корпусунан 7 киши, анын ичинде 2 генерал набыт болгон.

Иран Израилдин консулдукка кол салуусунун өлкөсүнүн аймагына кол салууну билдиргенин жана жооп кайтара турганын жарыялаган.

Израиль да Ирандын чабуулдарына жооп кайтарарын билдирген.

Мурунку түнү Иран жүздөгөн камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар, баллистикалык жана канаттуу ракеталар менен Израилге кол салып, кээ бир аскердик буталарга сокку урулганын кабарлаган.

Израиль болсо чабуулдардын көбүн абадан коргонуу системалары менен алдын алганын, бирок өлкөнүн түштүгүндөгү аскердик базага ракета тийгенин маалымдаган.



Тектеш кабарлар