Иран: «Израилге каршы согуштук операция ийгиликтүү аяктады»

Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнө маалымат берген Бакери, Төңкөрүш сакчылары армиясынын Израилге чабуул коюусуна баа берди.

2127449
Иран: «Израилге каршы согуштук операция ийгиликтүү аяктады»

Ирандын башкы штабынын төрагасы Мухаммед Бакери Израилге каршы аскердик операциянын ийгиликтүү болгонун жана муну улантуу ниети жок экенин билдирди.

Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнө маалымат берген Бакери, Төңкөрүш сакчылары армиясынын Израилге чабуул коюусуна баа берди.

Бакери : «Операция ийгиликтүү аяктады, бул операцияны толук жыйынтык катары көрүп жатабыз жана операцияны улантуу планыбыз жок»,-деди.

Бакери, Тель-Авив башкаруучулугунун Сириянын борбор шаары Дамасктагы (1-апрелде) Ирандын консулдугуна кол салуу менен кызыл сызыктан өткөнүн белгилеп, Иранга каршы жаңы кол салуу болгон учурда Израилге дагы кеңири чабуул жасай тургандарын белгиледи.

Жарандык конуштарга жана экономикалык аймактарга сокку урулбаганын белгилеген Бакери, мындан да көп ракета атуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна карабастан Израилге чабуулду эскертүү деңгээлинде кармоого аракет кылгандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар