Орусия-Украина согушу

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Украинадагы кырдаалга байланыштуу окуялар талкууланды.

2126972
Орусия-Украина согушу

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Орусия-Украина согушунда зомбулуктун күчөгөнүнө көңүл буруп, Украинанын согуштун башталышынан бери эң көп кол салууга дуушар болгон мезгилде экенин билдирди.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Украинадагы кырдаалга байланыштуу окуялар талкууланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Саясий иштер бөлүмүндө Европа, Борбордук Азия жана Америка боюнча башкы катчынын орун басары Мирослав Енча мүчө өлкөлөргө маалымат берип жатып, Орусиянын БУУнун Уставын жана эл аралык мыйзамдарды бузуу менен жүргүзгөн «Украинаны оккупациялоосунун» жарандарга оор таасиринин уланганына басым жасады.

Енча Орусиянын Украинанын шаар жана айылдарына күн сайын сокку уруп жатканын, энергетика инфраструктурасынын тыгыз жана системалуу түрдө бутага алынганын белгиледи.

«Бул тынымсыз кол салуулардан улам карапайым адамдардын өлүмүнүн көбөйүп жатканына капа болуудабыз»,-деген Енча Украинада каза болгондордун санынын өткөн айга салыштырмалуу 20 пайызга өскөнүн айтты.

Март айында эле 57 баланын каза тапканына көңүл бурган Енча, ушул убакка чейин 600ү бала 10 миң 810 жарандын каза болгонун билдирди.

«Бул кабыл алынгыс» деген Енча ошондой эле атомдук объектилерге кол салууга каршы да эскертти. Аталган объектилерге кол салуулардын аскердик же саясий пайда алып келбегенин, тескерисинче бүткүл дүйнөгө коркунуч салганын айтты.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин Операция жана коргонуу бөлүмүнүн директору Эдем Восорну да: «Украина согуштун башталышынан бери эң көп кол салууга кабылган мезгилде»,-деди.

Өлкө боюнча 10 миллион кишинин үйсүз калганын жана калктын болжол менен 40 пайызынын гуманитардык жардамга муктаж экенин айткан Восорну, алардын 56 пайызын аялдар жана балдардын түзгөнүн маалымдады.



Тектеш кабарлар