Израилдин Газага киришине тоскоол болгон айрым буюмдар

UNFPA X социалдык медиа баракчасынан билдирүү бөлүштү.

2126993
Израилдин Газага киришине тоскоол болгон айрым буюмдар

Бириккен Улуттар Уюмунун Калк Фонду (UNFPA) Израилдин Газага киришине тыюу салган кээ бир жүктөрдү тизмектеди.

UNFPA X социалдык медиа баракчасынан билдирүү бөлүштү.

Израилдин Газага киришине тоскоол болгон кээ бир буюмдарды "вентилятор, майыптар коляскалары, төрөт жабдыктары, ультра үн аппараттары жана генераторлор" катары тизмектеген UNFPA, булардын блоктолгон буюмдардын айрымдары гана экенин баса белгиледи.

Газага кирген фуралар Израиль тарабынан текшерилүүдө. Эгерде израилдик жетекчилер фуралардагы бир эле нерсеге каршы чыкса, бардык фуралар артка кайтарылууда.

Эл аралык басма сөздө орун алган кабарларда, Израилдин кичинекей кайчы, инсулин калеми, наркоз, кычкылтек баллондору жана хирургиялык операциялар үчүн керектүү буюмдар сыяктуу көптөгөн жардамдарды толугу менен артка кайтарганы айтылууда.

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү Египет аймагы аркылуу Газага жеткирилиши үчүн гуманитардык жардам жөнөттү, бирок Израилдин тоскоолдуктарынан улам бул жардамдын көбү Египетте күтүүнү улантууда.



Тектеш кабарлар