Россияда 10 миңден ашуун үй суу астында калды

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Европанын эң ири дарыяларында тез эрип жаткан кардан улам Россия  боюнча 10 миң  400дөн ашуун үйдү суу каптаганын билдирди.

2126017
Россияда  10 миңден ашуун үй суу астында калды

Россияда10 миң 400дөн ашуун үйдү суу каптады.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Европанын эң ири дарыяларында тез эрип жаткан кардан улам Россия  боюнча 10 миң  400дөн ашуун үйдү суу каптаганын билдирди.

Урал тоолорунан чыгып, Каспий деңизине куйган Урал дарыясы жума күнү эриген кардын кесепетинен бир нече сааттын ичинде бир нече метрге көтөрүлүп, борбор Москвадан 1800 чакырым чыгышта жайгашкан Орск шаарындагы дамбаны жарып кетти.

Россиянын Сибирь, Волга жана борбордук райондорунда суу ташкындарынын болгондугу жарыяланды.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө : "39 аймакта 10 миң 400дөн ашык үйдү суу каптады", — деп айтылды.

 

 



Тектеш кабарлар