Орусия Украинанын Харьков шаарына кол салды

Украина тарап Орусиянын жарандык түзүмдөрдү учкучсуз учуучу аппараттар ​​менен бутага алганын жарыялады.

2125542
Орусия Украинанын Харьков шаарына кол салды

Орусия Украинанын Харьков шаарына сокку уруп, 6 адам каза болуп, 10 киши жараат алды.

Кол салуу түн ичинде болду.

Украина тарап Орусиянын жарандык түзүмдөрдү учкучсуз учуучу аппараттар ​​(УУА) менен бутага алганын жарыялады.

Кол салууда 6 кишинин каза болгону, 10 кишинин жараланганы билдирилди.

Көп кабаттуу 9 үйдүн зыян  тартканы айтылды.

Кол салуудан май куюучу станция менен кошо айланадагы көптөгөн жумуш орундары да зыянга учурады.

Украин армиясы Орусиянын 32 учкучсуз учуучу аппаратынын 28и абадан коргонуу системасы тарабынан атып түшүрүлгөнүн жарыялады.

Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Харьков Украинанын экинчи чоң шаары жана соңку апталарда орус армиясынын тез-тез бутасына айланып келет.



Тектеш кабарлар