Ирандагы кол салууда каза болгондордун саны 15ке жетти

Ирандын расмий IRNA агенттигинин маалыматына караганда, Систан-Белужистан провинциясында террордук чабуулдардан каза болгон коопсуздук кызматкерлеринин саны 15ке жетти.

2125619
Ирандагы кол салууда каза болгондордун саны 15ке жетти

Иранда коопсуздук күчтөрүнө кол салууда каза болгондордун саны 15ке жетти.

Ирандын расмий IRNA агенттигинин маалыматына караганда, Систан-Белужистан провинциясында террордук чабуулдардан каза болгон коопсуздук кызматкерлеринин саны 15ке жетти.

Систан-Белужистан губернаторунун орун басары Али Риза Мерхамети окуядан кийин дароо жасаган билдирүүсүндө кол салуулардан кийин чыккан кагылышууда 3 ирандык коопсуздук кызматкеринин каза болгонун жарыялаган болчу.

Мамлекеттик телеканалдын кабарлашынча, узакка созулган кагылышууларда каза болгон ирандык коопсуздук кызматкерлери саны 11ге жеткен, кол салгандардын 16сы өлтүрүлгөн.

Жейшул Адл уюму социалдык медиа эсептериндеги билдирүүсүндө кол салуулардын жоопкерчилигин алды.

Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан-Белужистан провинциясында Революциялык гвардиянын Раск шаарындагы аскердик объектиси жана Чабахар шаарындагы эки полиция бекетине , 4-апрель бейшемби күнү бир эле убакта кол салуу болгон.

Иранда террордук уюм деп эсептелген «Жейшул Адл» «Суннит белужи элинин укуктарын коргойбуз» деген шылтоо менен өлкөнүн түштүк-чыгышында Пакистан менен чектешкен Систан-Белужистан провинциясында мезгил-мезгили менен Иранга каршы куралдуу акцияларды уюштуруп келет.



Тектеш кабарлар