Нетаньяхунун кызматтан алынышы талап кылынды

Израилде жогорку мартабалуу  28 жетекчи премьер  - министр Беньямин Нетаньяхунун кызматынан алынышы үчүн Жогорку Сотко кайрылды.

2125239
Нетаньяхунун кызматтан алынышы талап кылынды

Израилде жогорку мартабалуу  28 жетекчи премьер  - министр Беньямин Нетаньяхунун кызматынан алынышы үчүн Жогорку Сотко кайрылды.

Израилдин экономика сайты Calcalist кайрылуу тууралуу маалымат берди. Маалыматка караганда экономист, технология боюнча адис жана илимпоздордон турган жогорку мартабалуу  28 жетекчи Нетаньяхунун кызматынан кетишин талап кылган арызды Жогорку Сотко тапшырды.

Кайрылууда Нетаньяхунун «согушта мамлекеттин кызыкчылыктарынын негизинде кыймыл кылуу» жоопкерчилиги менен «пара алуу, алдамчылык жана ишенимди өз кызыкчылыгына колдонуу менен айыпталган доолорду кечеңдетүү» сыяктуу жеке кызыкчылыктарынын арасында калгандыгы белгиленди.

«Нетаньяхунун согуш башталгандан бери бир топ жолу согуштун  башкарылышы тууралуу алек болууну шылотоолоп, өзү тууралуу козголгон коррупциялык соттун кечеңдетилишин талап кылганына» көңүл бурулуп, Израилдин премьер  - министринин кызматтан алынышы талап кылынды. Беньямин Нетаньяху коррупция айыптоосу менен Чыгыш Кудс аймактык сотунда соттолууда.



Тектеш кабарлар