Песков : Россия менен НАТО эми түздөн түз тирешүүдө

Кремлдин  катчысы Дмитрий Песков Россия жана НАТОнун эми "түздөн түз тирешүүдө" экенин айтты.

2124888
Песков : Россия менен НАТО эми түздөн түз тирешүүдө

Кремлдин  катчысы Дмитрий Песков Россия жана НАТОнун эми "түздөн түз тирешүүдө" экенин айтты. Песков : "НАТО Украинадагы кагылышууга аралашты жана эми да чек араларыбызга карай алдыга жылууга жана жакыныбыздагы аскердик инфраструктураны кеңейтүүнү улантууда",- деди. 

Буга чейин да Россиянын президенти Владимир Путин көптөгөн жолу суук согуштан кийин батыштын Россияны алдагандыгын, Варшава келишими уюмунун кыйраганына карабастан НАТОнун кеңейүүнү уланткандыгын жана советтер союзуна кирген өлкөлөрдү камтыгандыгын айтты.  

Батыш бул айыптоолорду четке какты жана НАТОнун коргонуу биримдиги экендигин жана кошулуунун өлкөлөрдүн демократиялык  чечими экендигин айтууда.

НАТО орус баскынчылыгында Украинанын аман калышына колдоо көрсөткөнүн жана Киевге курал-жарак, машыгуу жана чалгындоо жардамын гана бергенин ырастоодо. Россиянын оюу боюнча бул НАТОну  кагылышууну жактаган  тарап кылууда.  Февраль айында Путин  Россия жана   НАТОнун ортосунда түз кагылышуу чыга турган болсо дүйнөнүн үчүнчү дүйнөлүк согуштун босогосуна келерин айткан.

 



Тектеш кабарлар