Москвада катуу шамал: 2 адам каза болду

Москванын мэри Сергей Собянин жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2124503
Москвада катуу шамал: 2 адам каза болду

Орусиянын борбор шаары Москвада катуу шамалдын кесепетинен 2 адам каза болуп, 15 киши жаракат алды.

Москванын мэри Сергей Собянин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, шамалдын шаарда ар кандай кыйроолорго алып келгенин белгилеп: «Бардык чараларды убагында көрдүк. Бирок тилекке каршы 2 адам каза болуп, 15 киши жаракат алды»,- деди.

Собянин жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөнүн айтты.

Орус социалдык медиадагы видеолордо Москвада күн бою таасирдүү болгон шамалдан улам имараттардан терезелер жана бак-дарактардын ​​кулаганы байкалды.



Тектеш кабарлар