Орусия: "Кол салуулардын издери Украинага чейин жетүүдө"

Николай Патрушев Казакстандын борбору Астанада өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын 19-жыйынында сөз сүйлөдү.

2124382
Орусия: "Кол салуулардын издери Украинага чейин жетүүдө"

Орусия концерттик залдагы теракттын издеринин Украинанын атайын кызматтарына чейин жеткенин жарыялады.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Казакстандын борбору Астанада өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын 19-жыйынында сөз сүйлөдү.

Орусиянын борбор шаары Москвадагы концерттик залда болгон террордук кол салууну Украина бийлиги эмес, Орусияда тыюу салынган ДЕАШтын ооган бөлүмү жасады деген версияны таңуулоого аракет кылып жатышканын айткан Патрушев, кол салуунун издеринин болсо толугу менен АКШ тарабынан көзөмөлдөнүп жаткандыгын баары жакшы билген Киев бийлигинин башында турган Украинанын атайын кызматтарына чейин жеткенин жактады.

Патрушев ДЕАШ, Аль-Каида жана башка террордук уюмдарды да Вашингтон түзгөн деп сереп салды.

22-март күнү кечинде Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында куралчан кишилер тарабынан террордук кол салуу жасалган. Кол салууда 143 киши каза тапкан.



Тектеш кабарлар