Кытайдагы катуу шамал: 7 адам каза болду

Катуу шамал, нөшөр жана мөндүр 31-марттан бери 9 шаарда болжол менен 93 миң адамга таасир этти.

2124369
Кытайдагы катуу шамал: 7 адам каза болду

Кытайдын Цзянси провинциясында катуу шамалдын натыйжасында болгон окуяларда 7 киши каза таап, 11 киши жаракат алды.

Катуу шамал, нөшөр жана мөндүр 31-марттан бери 9 шаарда болжол менен 93 миң адамга таасир этти.

Провинциянын борбору Нанчандагы бир имараттын чатыры катуу шамалдан улам учуп кетти; шаардагы көп кабаттуу үйдөн үч адам кулап каза болду.

Катуу шамалдын айынан дагы 4 кишинин каза болгону бирок азырынча тактала электиги билдирилсе, жетекчилер 11 кишинин да жаракат алганын маалымдашты.

Катуу шамалдын кесепетинен 5 миң 700 гектар айыл чарба жери жана 2 миң 751 турак жай зыян тартып, 800дөн ашуун адам үйлөрүнөн көчүрүлдү.

Цзянси метеорологиялык кызматы, 31-марттагы бороон-чапкындан улам шамалдын ылдамдыгы саатына 127,8 километрге жеткенин жарыялады.

Кытайдын Улуттук метеорология борбору, катуу шамалдын себебинен күтүлгөн жамгыр үчүн берилген эң төмөнкү деңгээл болгон «көк эскертүү» жана аба ырайынын шарттарына байланыштуу 2-деңгээл болгон «сары эскертүүнү» кайталады.



Тектеш кабарлар