Газада каза болгондордун саны 33 миңге жакындады

Ашраф аль-Кудра, Израилдин Газа тилкесине 180 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берди.

2124208
Газада каза болгондордун саны 33 миңге жакындады

Израиль армиясынын 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 32 миң 975ке жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы катчысы Ашраф аль-Кудра, Израилдин Газа тилкесине 180 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берди.

Кудра Израиль күчтөрүнүн Газа тилкесине акыркы 24 сааттагы кол салууларында дагы 59 палестиналыктын каза болгонун, 83 палестиналыктын жараланганын кабарлады.

Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгондордун санынын 32 миң 975ке жеткенин белгилеген Кудра, жаралуулардын санынын да 75 миң 577ге жеткенин айтты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Кудра урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле сөөктөрдүн бар экенин, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу кызматкерлеринин бул сөөктөргө жете албай жатканын маалымдады.



Тектеш кабарлар