Орусия Голан дөңсөөлөрүнө аскердик полиция пунктун жайгаштырды

Юрий Попов Голан дөңсөөлөрүндөгү кырдаал тууралуу маалымат берди.

2123518
Орусия Голан дөңсөөлөрүнө аскердик полиция пунктун жайгаштырды

Орусия Голан дөңсөөлөрүнүн аймагында кошумча орус аскердик полиция пунктунун жайгаштырылганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин Сириядагы чатакташкан тараптарды жараштыруу борборунун жетекчисинин орун басары генерал-майор Юрий Попов Голан дөңсөөлөрүндөгү кырдаал тууралуу маалымат берди.

Попов: «Голан дөңсөөлөрүнүн аймагында Израиль армиясы менен Сирияны бөлүп турган зонанын «Браво» линиясындагы кырдаалга байкоо жүргүзүүнүн алкагында кошумча орус аскердик полиция пункту жайгаштырылды», - деди.

Билдирүүдө бул полиция пунктунун тараптардын ортосундагы чыр-чатакты токтотуунун канчалык деңгээлде ылайыктуулугун көзөмөлдөй турганы айтылды.



Тектеш кабарлар