Хамас: "Газада палестиналык эмес күчтөрдү каалабайбыз"

Ришк Хамастын социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Газада ок атышпоо жана гуманитардык жардамга уруксат берилсе Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) караштуу күчтөрдүн аймакка жайгаштырыла турганы тууралуу маалыматтарга сереп салды.

2123679
Хамас: "Газада палестиналык эмес күчтөрдү каалабайбыз"

Хамастын Саясий бюросунун мүчөсү Иззат ал-Ришк, Израилдин 7-октябрдан бери кол салууларын улантып жаткан Газа тилкесинде палестиналык эмес бир күчтүн болушун каалабагандарын айтты.

Ришк Хамастын социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Газада ок атышпоо жана гуманитардык жардамга уруксат берилсе Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) караштуу күчтөрдүн аймакка жайгаштырыла турганы тууралуу маалыматтарга сереп салды.

Бул кабарлардын «негизсиз» жана «анонимдүү булактарга таянганын» айткан Ришк, Хамастын Газадагы эл аралык жардам уюмдарынын, өзгөчө БУУнун Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер агенттигинин (UNRWA) иш-аракеттерин гана колдогонун белгиледи.

Ришк: «Эгер ок атышпоо темасында келишимге жетишилсе анда байкоочу элементтер эмес, келишимдин кепили боло турган жана оккупанттын (Израиль) ага баш ийишине кепилдик бере турган мамлекеттер болушу керек. Элибиз өз жерлеринде палестиналык эмес күчтөрдүн болушун четке кагат»,-деди.



Тектеш кабарлар