Папа камактагы 12 аялдын бутун жууду

VaticanNews гезитинин кабарында Папа буттарын жууган туткундардын италиялык, орусиялык, болгариялык, нигериялык, украиналык, перулук жана босния - герцеговиниялык экени белгиленди.

2121829
Папа камактагы 12 аялдын бутун жууду

Католик дүйнөсүнүн руханий лидери Рим папасы Франциск католиктер бул жумада  дем алыш күндөрү майрамдоого камынып жаткан Пасха ырым - жырымдарынын алкагында камактагы 12 аялдын бутун жууду.

«Ыйык Бейшемби» деп аталган күнү Рим папасы Франциск Италиянын борбор шаары Римдеги Реббибия түрмөсүнө барып, 12 туткун аялдын бутун жууп, өптү.

VaticanNews гезитинин кабарында Папа буттарын жууган туткундардын италиялык, орусиялык, болгариялык, нигериялык, украиналык, перулук жана босния - герцеговиниялык экени белгиленди.

Азырети  Иса айкаш жыгачка кадалганына бир күн калганда сүйүүсүн көрсөтүү үчүн 12 шакиртинин бутун жуушунан башталган Пасха ырымын улантып, Папа Франциск мурунку папалардан айырмаланып, дин кызматчылардын ордуна муктаж болгондордун же туткундардын буттарын жууганды тандады.

 

 



Тектеш кабарлар