Москвадагы кол салууда каза болгондордун саны 144 болду

Мурашко  ооруканаларда  69 кишинин дарыланып жаткандыгын алардын ичинен  17 кишинин абалынын оор экендигин белгиледи.

2122202
Москвадагы кол салууда каза болгондордун саны  144 болду

Россиянын борбор шаары Москвада болгон терактта каза болгондордун саны 144кө жетти.

Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко Москвада журналисттерге берген маалыматында 22 - мартта "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон теракттан жабыркагандардын жана дарыланып жаткандардын бири бүгүн каза болгонун билдирди.

Мурашко  ооруканаларда  69 кишинин дарыланып жаткандыгын алардын ичинен  17 кишинин абалынын оор экендигин белгиледи. 

22 - март күнү кечинде Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында куралчан адамдар тарабынан теракт жасалган. Социалдык медиада бөлүшүлгөн сүрөттөрдө кол салгандардын залда автоматтар менен туш келди ок аткандыгы байкалды.

Россиянын президенти Владимир Путин кол салган 4 террорист да болгон  11 кишинин кармалгандыгын билдирген.

 



Тектеш кабарлар