Климаттык алмашуу

Климаттык алмашуудан улам уюлдардагы мөңгүлөрдүн эришинин Жердин жай айланышына себеп болгондугу ортого чыкты

2122048
Климаттык алмашуу

Климаттык алмашуудан улам уюлдардагы мөңгүлөрдүн эришинин Жердин жай айланышына себеп болгондугу ортого чыкты.

Калифорния Сан-Диего университетинде жүргүзүлгөн изилдөөдө геофизикалык окуялардын Жердин айлануусуна тийгизген таасири математикалык моделдер аркылуу изилденген.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, уюлдардагы мөңгүлөрдүн  эриши, өзгөчө адам себепкер болгон климаттын өзгөрүшүнөн улам, Жердин мурункуга караганда жайыраак айланышына себеп болгон.

Изилдөөдө жердин тартылуу борборунун уюлдардагы муздун эришинен таасир алганы жана бул абалдын да планетанын жайыраак айланышына себеп болгону белгиленди.

Изилдөө, сөз болуп жаткан жайлоонун календардык жылдын акыркы мүнөтүнө кошумча секунд кошуу катары белгилүү болгон "артык секунда" тиркемесинин кийинкиге жылдырылышына алып келиши мүмкүн экенине, ушунун негзинде  2026-жылы жасалышы күтүлгөн кошумчалоолордун 2029-жылга жылдырылышы мүмкүн экендиги белгиленди.

Изилдөөнүн автору жана Сан-Диегодогу Калифорния университетинин Скриппс океанография институтунун геофизиги Дункан Агнью өзүнүн изилдөөсү тууралуу билдирүүсүндө мөңгүлөрдүн эришинен улам деңиз деңгээлинин өзгөрүшү мүмкүн болгон деңгээлге жеткенин, Жердин айлануу ылдамдыгына таасир эткенин көрүүгө болорун айтты.

Изилдөөнүн жыйынтыктары "Nature" журналында жарыяланды.

 



Тектеш кабарлар