Москвадагы кол салууда каза болгондордун саны 143кө жетти
Кол салууда 100дөн ашуун киши да жаракат алган.
2121330
Россиянын борбор шары Москвада террордук кол салууда каза болгондордун саны 143кө жетти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги интернет сайтында жума күнү кечинде Москвадагы бир концерттик залда жасалган террордук кол салууда каза болгондордун тизмесин жаңылады.
Жаңылоодон кийин тизмеде 143 киши орун алды.
Кол салууда 100дөн ашуун киши да жаракат алган.
Президент Владимир Путин кол салууну жасаган 4 тероррорист менен 11 кишинин кармалгандыгын билдирген.