Израилдин Ливанга кол салуулары: 16 киши каза болду
Израиль армиясы Ливандын чек ара аймагында жайгашкан Накура шаарындагы кафеге ракеталык чабуул жасады.
2121262
Израиль армиясынын Ливандын түштүгүнө акыркы 24 сааттагы кол салууларында 16 киши каза болду.
Ливандын расмий агенттиги NNAдагы кабарга караганда, Израиль армиясы Ливандын чек ара аймагында жайгашкан Накура шаарындагы кафеге ракеталык чабуул жасады.
Накурадагы кол салууда кеминде 3 кишинин каза болгону, көп сандаган кишинин жараланганы белгиленди.
Израиль армиясы, Тейр Харфа шаарындагы Ислам активисттер коомунун жарандык коргонуу топтору жайгашкан имаратка да абадан кол салды.
Кол салууда жарандык коргонуу тобунан 6 кишинин каза болгону айтылды.
Израиль армиясынын, Хаббария шаарындагы Жемаат ал-Исламияга караштуу чукул жардам тобуна абадан кол салуусунда да 7 киши каза тапты.